“Tunduk” ТИРКЕМЕСИ АРКЫЛУУ АЛЫНУУЧУ КЫЗМАТТАР БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТТҮ.
21.04.2026, 13:45
17
Момбеков айылындагы маданият үйүндөгү Жарандык жана санариптик билим берүү борборунда Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана кызматкери тарабынан 2026-жылдын 21-апрель күнү Tunduk тиркемеси аркылуу алынуучу кызматтар боюнча айыл аймагындагы тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы - эми өзүңүздөргө тиешелүү документтерди үйдөн чыкпай эле онлайн аласыздар!
Каалаган убакта, кезексиз жана мамлекеттик органдарга барбастан Tunduk тиркемесине катталууга мүмкүн!