МОМБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН АННОТАЦИЯСЫ

        Момбеков айыл өкмөтү 1996-жылдын май айында түзүлгөн. Азыркы учурда Момбеков  айыл өкмөтүнүн  башчысы Жармаматов Бегалы Жармаматович дайындалып, 2026-жылдын 18-февралынан баштап  иштеп келүүдө.

Административдик-территориялык бөлүнүшү:

Момбеков айыл өкмөтүнүн чыгыш тарабы Э. Алиев  айыл аймагы менен, түндүк чыгыш тарабы Кочкор-Ата шаары менен түндүк батыш тарабы Бүргөндү -Достук  айыл аймагы менен, түштүк тарабы Өзбекстан  Республикасынын Пахтабад району менен, түштүк батыш тарабы Өзбекстан  Республикасынын Маданият айылы менен чектешет. 

Айыл аймагында 7 айыл жайгашкан, 5 орто мектеп, 7 балдар бакчасы, 2 үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобу, 6 ФАП, 1 маданият үйү, 1 айылдык клуб, 1 Момбеков чек ара застава, 1 Баатырлардын эстелиги, 1 Н. Исановдун эстелиги, 1 “Ак-Жол Момбеков” муниципалдык ишкана жана 1 почта байланыш түйүнү бар.
 

Территориясы:

• Жалпы аянты - 3567 га

• Деңиз деңгээлинен бийиктиги - 500-650 м

• Райондун борборуна чейинки аралык -17 км

• Областтын борборуна чейинки аралык - 72 км

• Аэропортко чейинки аралык - 72 км

• Жакынкы темир жол станциясына чейин - 72 км
 

Калктын демографиялык көрсөткүчү:


Айыл өкмөтүнүн жалпы калкынын саны 17663, этникалык курам: кыргыздар- 85% , өзбектер-16% жана башка улуттар-1%. Жынысы боюнча  8764 эркектер жана 8899 аялдар. Айыл өкмөтүндө кожолуктун жалпы саны 2733.
 
                                                                                Жалпы калктын түтүнгө жана жынысына карата бөлүнүшү


Айыл
Кожолуктун саныКалктын саны
1Чек 3792530
2Жазгак4603016
3Момбеков6604070
4Бостон3712322
5Курулуш5954280
6Жаңы-Кыштак2041102
7Эски Кочкор-Ата64343