Мыкты өспүрүм-жаркын келечек

09.10.2025, 17:09
16

2025-жылдын 9-октябрында балдар арасында кылмыштуулуктун,зордук-зомбулуктун алдын алуу, келечек муундарга туура тарбия берүү максатында айыл өкмөтүндө “Ачык эшиктер” күнү,   “Мыкты өспүрүм-жаркын келечек” аталышындагы иш-чара уюшкандыкта өткөрүлдү.
       Иш-чарага айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери толугу менен  айыл башчылары, ардагерлер кеңешинин төрагасы  А. Борбиев, аялдар кеңешинин  төрайымы З.Мейманкулова,    аймактык тескөөчү Сулайман уулу Бексултан, социалдык    кызматкер     У. Мундузбаева,     №17 Кыла     орто     мектебинин     социалдык     педогогу А. Аттокурова жана № 17 Кыла орто мектебинин 11-10-класстардын окуучулары катышты.