МОМБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН БАШЧЫСЫ БОЛУП ЖАРМАМАТОВ БЕГАЛЫ ЖАРМАМАТОВИЧ 2026-ЖЫЛДЫН 18-ФЕВРАЛЫНАН ТАРТЫП ДАЙЫНДАЛДЫ.
МОМБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН БАШЧЫСЫ БОЛУП ЖАРМАМАТОВ БЕГАЛЫ ЖАРМАМАТОВИЧ 2026-ЖЫЛДЫН 18-ФЕВРАЛЫНАН ТАРТЫП ДАЙЫНДАЛДЫ.
Жармаматов Бегалы Жармаматович 1990-жылдын 13-августунда Жалал-Абад облусунун, Ноокен районунун, Момбеков айылында туулган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Иштеген мезгилдери 2020-2022-жылдары Кочкор-Ата шаардык кеңешинде жооптуу катчы, 2022-2025-жылдары Ноокен райондук мамлекеттик администрациясында экономиканы, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, курулуш жана инвестицияларды тартуу боюнча сектор башчы, 2025-2026-жылдын 18-февралына чейин Кочкор-Ата шаарынын мэриясында вице-мэр болуп иштеген.
Жармаматов Бегалы Жармаматовичти жаңы кызмат ордунда Момбеков айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, калкка көрсөтүүлүчү муниципалдык кызматтардын сапатын жогорулатууга жана жергиликтүү маселелерди ыкчам чечүүгө өз салымын кошушуна ишенебиз. Мындан кийинки иштерине ийгиликтерди каалайбыз.