Момбеков айыл аймагында Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгы белгиленди
Момбеков айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.Момбеков айыл аймагынын Ү.Сыдыков эс алуу багында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараны ачып берүү үчүн Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Эгембердиев жана башчынын орун басары М.Тажикул уулу айыл тургундарынын Эгемендүүлүгүн 34 жылдыгы менен жылуу куттуктап, Ак-Жол-Момбеков муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин айылдын санитардык абалын жакшыртууда жасаган эмгеги үчүн Грамоталар менен сыйлашты.Маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа уюштурурулуп, элге тартууланды. Айылыбыздын тургуну Набиханова Уулкан Кыргыз Республикасынын Президентибизге жана УКМка төрагасы К. Ташиевге арналган ыр саптар окулду.