“КЫЛМЫШ БИР МҮНӨТТӨ БАШТАЛАТ, КЕСЕПЕТИ УЗАККА СОЗУЛАТ” АТТУУ ИШ-ЧАРА УЮШТУРУЛДУ.
Аталган иш-чарага Ноокен районунун прокурору С. Илиясов, мекеме ишканаларынын жетекчилери, ата-энелер жана жалпы билим берүүчү мекемелердеги өспүрүмдөрдүн арасында баңгизаттарга каршы күрөшүү жана кибер алдамчылыктын алдын алуу боюнча иш-чарасы уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты – жаш өспүрүмдөрдү зыяндуу адаттардан сактоо, алардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана интернет мейкиндигиндеги коопсуз жүрүм-турум эрежелерин түшүндүрүү болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан баңгизаттарынын ден соолукка, үй-бүлөгө жана коомго тийгизген терс таасирлери кеңири баяндалды. Ошондой эле кибер алдамчылыктын түрлөрү, интернет аркылуу жасалган кылмыштардан сактануу жолдору слайд-шоу жана видео материалдар аркылуу көрсөтүлүп, реалдуу мисалдар менен түшүндүрүлдү.
Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, пайдалуу маалымат алышты. Мындай иш-чаралар жаш муунду туура багытка үндөп, коопсуз жана жоопкерчиликтүү жаран болууга өбөлгө түзөт.