✅✅✅Курулуш айылында кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди.

08.05.2026, 11:16
8

           Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу Курулуш айылында жаштар үчүн  кичи футбол аянтчасы "СЫДЫК АТА"  фондусу тарабынан үстү толугу жабылып, реконструкция иштери жүргүзүлүп,  2026-жылдын 7-май күнү ачылышы болуп өттү.   
           Спорт  аянтчанын  ачылышына карата  Момбеков айыл аймагынын 18-50 жашка чейинки жашоочулар  үчүн ден соолуктун, ынтымактын жана сергек жашоо үчүн спорттун футбол оюнунун 1-бөлүгү уюштурулуп өткөрүлдү. Бүгүн 2-бөлүгү уланып жыйынтыгы чыгарылат.