КӨП-ТАМ УЧАСТКАСЫНДА, БОСТОН АЙЫЛЫНДА ЖАНА ТАЖИКУЛ БАЛБАН КӨЧӨСҮНДӨГҮ ЖАРАНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ.

04.04.2026, 15:28
5

Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Жармаматов Бостон айылында, Көп-Там участкасында жана Тажикул Балбан көчөсүндөгү  тургундар менен жолугушуу өткөрүп,  айылдагы  актуалдуу маселелерди жеринде талкууланып, тургундардын сунуш-пикирлери угулду.
Жолугушууда төмөнкү маселелер көтөрүлдү:
Жолдорду оңдоо, таза суу маселелери;
Балдар бакчалары жана ФАП маселелери;
Айыл өкмөт башчысы  ар бир суроого кеңири жооп берип, көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн чечилүү мөөнөттөрү боюнча тийиштүү кызматкерлерге  тапшырмаларды берди.

Графиктин негизинде калк менен жолушуулар улантылат.
#момбеков