Графиктин негизинде эл менен жолугушу өткөрүлдү.

22.03.2026, 15:49
9

Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Жармаматов Жазгак, Бостон жана Курулуш  айылдарынын тургундары менен жолугушуу өткөрүп,  айылдагы актуалдуу маселелерди жеринде талкууланып, тургундардын сунуш-пикирлери угулду.

Жолугушууда төмөнкү маселелер көтөрүлдү:

Жолдорду оңдоо, таза суу жана эгин суу маселелери;

Жөлөк пул жана пенсия маселелери;

Айыл өкмөт башчысы  ар бир суроого кеңири жооп берип, көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн чечилүү мөөнөттөрү боюнча тийиштүү кызматкерлерге  тапшырмаларды берди.

 

Графиктин негизинде калк менен жолушуулар улантылат.