ЭЛ АРАЛЫК КАРЫЯЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

02.10.2025, 10:28
15


 
 1-октябрь Улгайган курактагы жарандардын  эл аралык күнүнө карата айыл аймагындагы карыяларга кам көрүү, урмат-сый көрсөтүү, кабар алуу максатында 2025-жылдын 2-октябрында  айыл өкмөтү тарабынан 94 карыяга материалдык колдоо көрсөтүлүп,
97 жаш, 100 жашка чыккан  карыяларга  
өзгөчө көңүл бурулуп, жеринде кабар алуу менен белектер берилди.

Бул иш-чаралар улуу муун өкүлдөрүн урматтоо жана алардын эмгегин баалоо максатында уюштурулду.