Бүгүн Момбеков айыл аймагындагы Ү. Сыдыков атындагы эс алуу багында Нооруз майрамына карата сүмөлөк кайнатуунун салттуу аземи жана майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

21.03.2026, 13:48
8

Майрамдык иш-чарада Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Бегалы Жармаматович айыл аймагынын тургундарын Нооруз майрамы менен куттуктады.

Нооруз - бул жаңылануунун, тазалануунун, үмүт менен жакшылыктын символу. Байыртан бери ата-бабаларыбыз бул күндү кең пейилдик, биримдик жана өз ара сый-урмат менен тосуп алышкан. Бүгүнкү күндө да ушул асыл салттарды улап, айылыбызда майрамды  жогорку деңгээлдеги айылдын тургундарынын катышуусунда, ынтымакта жана тынчтыкта белгилеп жатканыбыз чоң сыймык.

Нооруз ар бир үйгө кут-береке, ден соолук жана ийгилик алып келсин! Айылыбызда  тынчтык, өсүп-өнүгүү, эл арасында ынтымак бекем болсун!

Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

“Элибиздин салттарын сыйлоо, тарыхын кадырлаган элдин келечеги кең” -  болот демекчи, бүгүнкү майрамда мектеп, бала бакчалардын жана айыл талантууларынын өзгөчө сахналык көрүнүштөрү, кыргыз күрөшү, аркан тартмай,  футбол, волейбол,  улуттук тамак ашыбыз сүмөлөк кайнатуу менен коштолду.