"ЖАШЫЛ МУРАС" УЛУТТУК ПРОГРАММАНЫН АЛКАГЫНДА МОМБЕКОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ЖАШЫЛДАНДЫРУУ ЖАНА КӨРКТӨНДҮРҮҮ ИШТЕРИ УЛАНУУДА.
28.03.2026, 11:22
8
Чек айылына 1 га жер аянтына, 600 даана көчөт отургузулду.
Аталган иш-чарага Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жармаматов,айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, билим берүү мекемелердин кызматкерлери жана айылдын жаштары активдүү катышты.
Жүргүзүлгөн иштер аймактын экологиялык абалын жакшыртууга, айылды жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө багытталып, келечек муундар үчүн жашыл айлана-чөйрө түзүү максатында өткөрүлдү.