8-МАРТ-АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ.

06.03.2026, 15:31
8


       Бүгүн  8-март - Аялдардын эл аралык майрамына карата  82 энелердин катышуусунда салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. 
        Момбеков   айыл  өкмөтүнүн  башчысы  Б. Жармаматов  8-март - Аялдардын Эл аралык майрамы менен бардык аял затын куттуктап, өз сөзүндө аялзаты ар дайым үй-бүлөнүн куту, коомдун таянычы экени, алардын мээрими, акылмандыгы жана талыкпас эмгеги ар бир үй-бүлөнүн бекемдигине, мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жатканын белгилеп,  энелерге  ден соолук жана узак өмүр каалады. Ар бириңиздердин  үйүңүздөрдө   жакшылык жар салып, күн сайын үйүңүздөрдө бүгүнкүдөй майрам болушун каалайбыз!
        Иш-чарада энелерге  даярдалган белектер жана гүлдөр тапшырылып, майрам Момбеков айылдык маданият үйүнүн  жамааты тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.
        Тереӊ урматтоо менен Момбеков айыл өкмөтүнүн жалпы жамааты.