Момбеков айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуу

14.08.2025
31

 

Момбеков айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуу 2025-жылдын 14-августунда Момбеков айыл өкмөтүнүн жыйындар залында өткөрүлдү жана коомдук угууга айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, айылдык кеңешинин депутаттары, айыл аймагынын жашоочулары, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү катышты. Жалпысы 103 жаран катышып анын ичинен 57 эркек, 46 аялдарды түздү. Иш-чаранын максаты жана маанилүүлүгү тууралуу ачылыш сөзүндө башчынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Эгемберидиев белгилеп өттү.

Момбеков айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ч.Төлөнова бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча маалымат берди.

Коомдук угуунун күн тартибинде төмөнкү маселелер сунуш кылынды;

1.2026-жылга карата айыл өкмөттүн приоритеттүү багыттары;
2.2026-жылга пландалган чыгымдар
3.2026-жылга карата жергиликтүү бюджет боюнча суроолорду берүү
4. Жыйынтыктарды чыгаруу
Момбеков айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбооруна социалдык имараттарды жаңылоону   бир жылга токтотуп туруу маселеси каралып, 2026-жылга  жолдорду оңдоо, асфальттоо, таза суу, электр мамычалар боюнча маселелер каралды.

Коомдук угуунун жыйынтыгында каралган маселелерди 2026-жылдын бюджетине киргизүү сунушталды.