АРИС программасы  тарабынан Момбеков айыл аймагынын  тургундарынын артыкчылыктуу багыттарды аныктоосунун жыйынтыктары боюнча СЭӨПна толуктоо киргизүү боюнча презентация болуп өттү.

26.02.2026
20

 

     Презентацияга  Момбеков айыл  өкмөтүнүн башчысы  Жармаматов Бегалы Жармаматович, АРИС программасынын эксперти Алымкулов Ороз, айыл аймагына караштуу  жети  айылдын тургундары катышты. 

    Катышуучуларга онлайн платформада добуштарынын пайызы, ишке ашыруу тобокелдиктери, климаттык тобокелдиктер, инженердик коммуникациялар жана ресурстардын болушу, коомчулуктун аярлуу топтору үчүн пайдасы, экологиялык тобокелдиктер жана жергиликтүү бюджетке мүмкүн болгон түшүүчү кирешелер эске алынганы  боюнча маалыматтар жеткирилип, суроо-жооп уюштурулуп, катышуучулар өздөрүнүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.