“Tunduk” ТИРКЕМЕСИ АРКЫЛУУ АЛЫНУУЧУ КЫЗМАТТАР БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТТҮ.

21.04.2026
16

 

 Момбеков айылындагы маданият үйүндөгү Жарандык жана санариптик  билим  берүү  борборунда Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын  төрагасы жана кызматкери  тарабынан 2026-жылдын 21-апрель күнү Tunduk тиркемеси аркылуу алынуучу кызматтар боюнча айыл аймагындагы тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын  төрагасы - эми өзүңүздөргө тиешелүү документтерди  үйдөн чыкпай эле онлайн аласыздар!   
Каалаган убакта, кезексиз жана мамлекеттик органдарга барбастан Tunduk тиркемесине  катталууга мүмкүн!