МОМБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ ЖАЛПЫ ЭЛДИК ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ.

05.03.2026
8

 


 
     Бекитилген графикке ылайык Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т. Ишенбековдун эл менен жолугушуусу айыл аймагында өткөрүлдү.

Жыйынга Ноокен районунун прокурору, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.

     Алгач Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жармаматов 2025-жылы аткарылган иштер боюнча жылдык отчетун берип, аймакта социалдык-экономикалык багытта жүргүзүлгөн иштерге токтолду.

     Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын  маселелери  угулуп,  атап айтсак таза суу маселеси, ички жолдордун абалы, тротуарларды куруу, балдарга берилүүчү жөлөк пулдар жана электр мамычаларын орнотуу боюнча суроолорго жеринде жооптор берилди.

     Көтөрүлгөн маселелер протоколго түшүрүлүп, алардын чечилиши көзөмөлгө алынаары белгиленди.
#момбеков