Момбеков айыл аймагында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында жалпы ишембилик өткөрүлдү.

14.03.2026
18

 

Ишембиликке айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, "Ак-Жол Момбеков" муниципалдык ишкананын жана  мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана айыл  тургундары активдүү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө бак дарактардын бутактары кыркылып, арыктар тазаланып, таштандылар чыгарылып ирээтке келтирилди.

Баарыңыздарды айыл аймагынын  тазалыгын сактоого чакырабыз.