✅✅✅Курулуш айылында кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди.
08.05.2026
7
Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу Курулуш айылында жаштар үчүн кичи футбол аянтчасы "СЫДЫК АТА" фондусу тарабынан үстү толугу жабылып, реконструкция иштери жүргүзүлүп, 2026-жылдын 7-май күнү ачылышы болуп өттү.
Спорт аянтчанын ачылышына карата Момбеков айыл аймагынын 18-50 жашка чейинки жашоочулар үчүн ден соолуктун, ынтымактын жана сергек жашоо үчүн спорттун футбол оюнунун 1-бөлүгү уюштурулуп өткөрүлдү. Бүгүн 2-бөлүгү уланып жыйынтыгы чыгарылат.