✅КЕЗЕКТЕГИ ИШЕМБИЛИК ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕ ӨТКӨРҮЛДҮ.

18.04.2026
2

 

2026-жылдын 18-апрелинде жалпы ишембилик ийгиликтүү өткөрүлдү. Бул иш-чарага Момбеков айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, "Ак-Жол Момбеков" муниципалдык ишкананын кызматкерлери жана мекеме-
ишканалардын кызматкерлери активдүү катышып, айлана-чөйрөнү тазалоо жана жол боюндагы дарактар акталып, бутоо иштерин жүргүзүштү. Ишембиликтин жүрүшүндө Ош-Бишкек жолунун жээктери, көчөлөр, тротуарлар, арыктар жана коомдук жайлар ирээтке келтирилип, чөптөр орулуп, топтолгон таштандылар жыйналып, тиешелүү жайларга чыгарылды.

Ишембилик – бул салт гана эмес, бул ар бирибиздин таза айлана-чөйрөгө болгон мамилебиздин көрсөткүчү.