КАРООСУЗ КӨЧӨДӨ ЖҮРГӨН ЖОЛБУН ИТТЕР АТЫЛУУДА.

28.04.2026
11

 

Момбеков айыл  аймагында атайын келишим түзүлгөн мергенчилер тарабынан жолбун иттер атылып, ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык жок кылынууда.

Жолбун иттер көбөйүп  айыл  аймагынын тургундарынын жана  мектеп окуучуларынын коопсуздугуна  коркунуч жаратпоосу үчүн жана ар кандай 
жугуштуу кутурма, эхинококкоз ооруларынын алдын алуу максатында 
2026-жылдын  28-апрель күнү  Жаңы-Кыштак жана Курулуш айылдарында    250  жолбун ит атылды.

Атылган иттер атайын даярдалган  “Беккари”  чуңкуруна ташталып жок кылынды.