Чек айылынын Н. Масиров көчөсүнүн электр мамычаларына травес орнотулуп, электр чубалгылары тартылууда.
09.03.2026
10
2025-жылы Чек айылындагы Н. Масиров көчөсүнө трансформатор жана 58 даана электр мамычалары орнотулган.
Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т. Ишенбековдун тапшырмасына ылайык учурда орнотулган электр мамычаларынан айылдын тургундарынын үйлөрүнө электр чубалгыларын тартуу үчүн Ноокен райондук электр ишканасынын кызматкерлери тарабынан электр мамычаларына травестер орнотулуп, электр чубалгылары тартылууда.
Электр чубалгылары жана травестер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен алынып берилди.