“АЛЫШ” БЕЛ БОО КҮРӨШ: МИЛИЦИЯНЫН АРДАГЕРИ СТАМКУЛОВ АБДЫРАЗАКТЫН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ.

14.05.2026
10

 

Иш-чара Момбеков айылдык кеңештин төрагасы Абдыразак уулу Ислам тарабынан уюштурулуп, мелдешке Жогорку кеңештин депутаты Т.Мамытов, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы -аким Т. Ишенбеков,  коңшу Өзбекстан  жана Кыргызстандын спортчулары жана айыл тургундары катышты.

Мелдешке Кыргызстандын булуң бурчунан жана коңшу өлкө Өзбекстан Республикасынан балбандар катышып, мындагы күйөрмандарга кызыктуу күрөш тартуулашты жана жеңүүчүлөр медалдар, кубок, акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
#момбеков