"БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ-КЫЛМЫШТУУЛУКА ЖОЛ ЖОК" АТТУУ БОКС БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ТУРНИР ӨТКӨРҮЛДҮ.

04.05.2026
10

 

Момбеков айыл аймагында 9-Май "Улуу ата мекендик согуштагы жеңиштин" 81 жылдыгына арналган  Балдар биздин келечегибиз- кылмыштуулука жол жок!" аттуу бокс боюнча эл аралык турнирге  Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Жармаматов, машыктыруучулар, айыл тургундары жана коноктору катышышты.

Турнир 2-3-4-5-май күндөрү болуп өттү, жана финалдык беттеш 5-майда жыйынтыкталып  1-2-3-орун медаль жана Дипломдор  менен сыйланышты.

Уюштуруучу Манас Сапаров колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирип, мелдештин негизги максаты өспүрүм муунду мекенди жана спортту сүйүүгө тарбиялоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, машыктыруучулар арасында тажрыйба алмашуу экендигин белгиледи.