9-МАЙ-УЛУУ ЖЕҢИШ КҮНҮНҮН 81 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ.
09.05.2026
9
Бүгүн 2026-жылдын 9-майында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгы Момбеков айыл аймагында өткөрүлдү.
Эскерүү иш-чарага аймактагы кадырлуу аксакалдар, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, мектеп мугалимдери, чек ара заставанын жоокерлери жана маданият кызматкерлери катышты.
Улуу Ата Мекендик согушта кайтпай калган жоокерлердин эстелигине гүлчамбар коюулуп,курман болгондорго куран окулуп, минуталык тыныгуу жарыяланды.