8-МАРТ-АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ.
Бүгүн 8-март - Аялдардын эл аралык майрамына карата 82 энелердин катышуусунда салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Жармаматов 8-март - Аялдардын Эл аралык майрамы менен бардык аял затын куттуктап, өз сөзүндө аялзаты ар дайым үй-бүлөнүн куту, коомдун таянычы экени, алардын мээрими, акылмандыгы жана талыкпас эмгеги ар бир үй-бүлөнүн бекемдигине, мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жатканын белгилеп, энелерге ден соолук жана узак өмүр каалады. Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө жакшылык жар салып, күн сайын үйүңүздөрдө бүгүнкүдөй майрам болушун каалайбыз!
Иш-чарада энелерге даярдалган белектер жана гүлдөр тапшырылып, майрам Момбеков айылдык маданият үйүнүн жамааты тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.
Тереӊ урматтоо менен Момбеков айыл өкмөтүнүн жалпы жамааты.