4-сентябрь Момбеков айыл өкмөтүндө Ноокен районунун прокурору С.Э.Ильясов жана Ноокен райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы А.Э. Сагындыкова Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу, социалдык ма

04.09.2025
28

 

4-сентябрь Момбеков айыл өкмөтүндө Ноокен районунун прокурору С.Э.Ильясов жана Ноокен райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы А.Э. Сагындыкова  Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу, социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис, ардагерлер кеңешинин төрагасы, айыл башчылар менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда коомдук тартипти камсыз кылуу, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, ошондой эле балдардын, жалгыз бой карыялардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоо багытында биргелешкен иш-аракеттер талкууланды.
🤝 Жыйынтыгында тараптар мындан ары да тыгыз кызматташып, калктын укуктарын коргоого жана социалдык көйгөйлөрдү алдын алууга багытталган иш-чараларды биргеликте жүргүзүү боюнча макулдашышты.