Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июлундагы ПЖ №137 ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июлундагы ПЖ №137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндөгү" Жарлыгын аткарууга алып, Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 19-августундагы №01-15-120 каты, буйругу жана иш-чаралар планынын негизинде Момбеков айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 26-сентябрындагы №172 буйругу жана 6 пунктан турган иш-чаралар планы иштелип чыккан.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, административдик жол жоболорду санариптештирүү боюнча айыл өкмөтүндө Санарип аймак автоматташтырылган маалымат тутумуна бүгүнкү күндө карата 15065 калк киргизилип, 86,7%ды түздү. Айылдын тургундары "Түндүк" тиркемеси аркылуу маалыматтарды алуу үчүн айыл өкмөтүндө атайын бекитилген кызматкер "Түндүк" тиркемесин каттоодо айыл тургундарына күн сайын жардам берилүүдө.
Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мыйзамдарында ("Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө", Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында) каралган коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү чектөөлөргө макулдук берүү жана кабыл алуу милдеттенмеси муниципалдык кызматкерлерге , кантракт негизинде иштеген кызматкерлерге, маданият кызматкерлерине тааныштырылып, өздук делосуна тиркелген жана айыл өкмөтүнүн киреберишинде коррупцияга жол жок деген чакырыктар илинген.