КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ
Момбеков айыл өкмөтүнүн орун басары М. Тажикул уулу айыл аймагындагы мектеп жана бала бакчалардын жана ҮДТ нүн, ФАП тын башчыларына коррупциянын алдын алуу жана аны болтурбоо максатында коррупцияга каршы мыйзамдардын негизги талаптары, кызматтык этиканын нормалары, ошондой эле коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик кеңири түшүндүрүлдү.
Өзгөчө көңүл кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө, кызматтык милдеттерди аткарууда ачыктык жана ак ниеттүүлүк принциптерин сактоо, ошондой эле ар бир кызматкердин жеке жоопкерчилигин жогорулатуу маселелерине бурулду.
Мындан тышкары, жыйындын катышуучуларына кайтарым байланыштын иштеп жаткан механизмдери, анын ичинде коррупция фактылары боюнча тиешелүү каналдар аркылуу билдирүү мүмкүнчүлүктөрү эскертилип өттү.
✅️ Мындай иш-чаралар тартипти чыңдоого, керектөөчүлөрдүн ишенимин арттырууга жана жамаат ичинде коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга багытталган.