Момбеков айыл өкмөтүнүн аннотациясы
Момбеков айыл өкмөтү 1996-жылдын май айында түзүлгөн. Азыркы учурда айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Магаматкулов Элтуран Магаматкулович дайындалып, 2025-жылдын 27- январдан баштап иштеп келүүдө.
Түзүлгөн жылы жана административдик-территориялык бөлүнүшү:
Момбеков айыл өкмөтү чыгыш тарабы Ноокен айыл аймагы менен, Түндүк чыгыш тарабы Кочкор-Ата шаары менен Түндүк батыш тарабы Бүргөндү айыл аймагы менен, Түштүк тарабы Өзбек Республикасынын Пахтабад району менен, Түштүк батыш тарабы Өзбек Республикасынын Маданият айылы менен чектешет. Айыл аймагында 7 айыл жайгашып, 5 орто мектеп, 7 балдар бакчасы, 2 үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобу, 6 ФАП, 1 маданият үйү, 1 айылдык клуб, 1 Момбеков чек ара застава, 1 Баатырларлын эстелиги, 1 Кыла СПА, 1 Момбеков таза суу бирикмеси, 1 почта байланыш түйүнү элдердин кызматын тейлөөдө.
Территориясы:
• Жалпы аянты - 3567 га
• Деңиз деңгээлинен бийиктиги - 500-650 м
• Райондун борборуна чейинки аралык -17 км
• Областтын борборуна чейинки аралык - 72 км
• Аэропортко чейинки аралык - 72 км
• Жакынкы темир жол станциясына чейин - 72 км
Калктын демографиялык көрсөткүчү
Айыл өкмөтүнүн жалпы калкынын саны 17503, этникалык курам: кыргыздар- 85% , өзбектер-16% жана башка улуттар-1%. Жынысы боюнча 8886 аялдар жана 8617 эркектер. Айыл өкмөтүндө кожолуктун жалпы саны 2713
Жалпы калктын түтүнгө жана жынысына карата бөлүнүшү
| № | Айыл | Кожолуктун саны | Калктын саны |
| 1 | Чек | 376 | 2507 |
| 2 | Жазгак | 455 | 2989 |
| 3 | Момбеков | 652 | 4033 |
| 4 | Бостон | 367 | 2301 |
| 5 | Курулуш | 595 | 4241 |
| 6 | Жаңы-Кыштак | 204 | 1092 |
| 7 | Эски Кочкор-Ата | 64 | 340 |